www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 22-октябрында Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында залкар манасчы Мамбет Чокморовдун 130 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өтөт.
Иш-чаранын максаты — кыргыз элинин руханий мурасы болгон «Манас» эпосун даңазалоо, манасчынын өмүрү менен чыгармачылыгын эскерүү жана анын мурасын кийинки муундарга жеткирүү.
Мамбет Чокморов кыргыз элинин улуу эпосун эл арасында жайылтып, манасчылык өнөрдүн өнүгүшүнө салым кошкон инсандардын бири катары эскерилет. Анын чыгармачылык мурасын сактоо жана даңазалоо кыргыздын улуттук маданиятын жайылтууда маанилүү орунду ээлейт.
Мааракелик иш-чара 22-октябрда саат 09:00дө башталат.
Өтүүчү жери: Ысык-Көл облусу, Тоң району, Бөкөнбаев айылы.