www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жаңы авиакомпанияларды каттооого жана эксплуатант сертификаттарын (AOC) берүүгө коюлган мораторийди алып салды. № 349 жарлыкка 2026-жылдын 16-октябрында кол коюлган.
Тыюу салуу 2024-жылдын ноябрь айынан бери күчүндө болчу. Ал учуулардын коопсуздугуна мамлекеттик контролду күчөтүү, мыйзамдарды өркүндөтүү жана жарандык авиацияны реформалоо максатында киргизилген.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, бул чечим жарандык авиацияны өнүктүрүүгө, жаңы авиакомпанияларды түзүүгө жана ички, эл аралык каттамдарды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
«Мораторий 2024-жылы учуулардын коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү жана авиация тармагын реформалоо максатында киргизилген. Бул мезгилде улуттук авиация системасын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүп, 2026-жылдын июнь айында Кыргызстан Европа биримдигинин авиациялык коопсуздук тизмесинен чыгарылган», — деп айтылат маалыматта.
Мораторийдин алынышы инвестиция тартууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө да шарт түзөт.
Ошол эле учурда жаңы авиакомпаниялар сертификат алуу үчүн толук текшерүүдөн өтүп, Кыргызстандын авиациялык эрежелерине жана Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттарына жооп бериши керек. Учуулардын коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөл улантылат.