www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда буга чейин курулушу токтоп калган жети социалдык объекттин курулуш иштери кайрадан улантылууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, аталган объекттердин курулушу алгач демөөрчүлөрдүн колдоосу менен башталып, кийин каржылык жана документтик маселелерден улам аягына чыкпай калган.
Курулуш министрлигинин башчысы Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен объекттердин тиешелүү документтери каралып чыгып, курулуш иштерин улантуу милдети Турак жай-жарандык курулуш департаментине жүктөлгөн.
Учурда курулуш иштери министрликтин көзөмөлүндө жүргүзүлүп, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Курулушу кайра жанданган объекттердин катарында Жаңы-Жер айылындагы 50 орундуу, Төбөй айылындагы «Баластан» жана Таштак айылындагы «Жеткинчек» бала бакчалары (ар бири 120 орундуу), Боз-Чычкан айылындагы 120 орундуу, Комсомол айылындагы «Арууке» бала бакчасы (150 орундуу), Кыргыз-Абад айылындагы 75 орундуу бала бакчалар бар.
Мындан тышкары, Багыш айыл аймагындагы № 9 И. Мичурин атындагы орто мектептин 750 окуучуга ылайыкталган кошумча имаратынын курулушу да улантылууда.
Министрликтин маалыматына караганда, эки объекттин долбоордук-сметалык баасы кайра каралып жатат. Ал эми калган беш объекттин курулушун жүргүзүүгө жалпы 242 миллион сом талап кылынат.
Бул иштердин жыйынтыгында райондогу билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин инфраструктурасын жакшыртууга шарт түзүлөт.