www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Францияда жашоо наркынын кымбатташына каршы өткөн нааразылык акциялары массалык башаламандыкка айлангандыктан, өлкөнүн бир катар шаарларында коменданттык саат киргизилди. Бул тууралуу Франциянын премьер-министри Себастьян Лекорню кризистик штабдын жыйынынан кийин билдирди.
Анын айтымында, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө мындай чараны, биринчи кезекте, дүкөндөрдү талап-тоноодон коргоо максатында киргизүү тапшырылды.
Франциянын Соода-өнөр жай палатасынын баалоосу боюнча, өлкө боюнча башаламандыктардан 2 миңден ашык дүкөн жабыркашы мүмкүн. Ал эми Франциянын соода министри Серж Папен кеминде 3 миң дүкөнгө зыян келтирилгенин билдирген. Талап-тоноолордон келген чыгым жүз миллиондогон еврого жеткени айтылууда.
Лекорню башаламандыктарды «ашкере солчул күчтөр жана кылмышкерлер» уюштурганын айтып, зарыл болгон учурда өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланышы мүмкүн экенин четке каккан жок.
Франциянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, башаламандыктар учурунда полиция кызматкерлерин кошкондо, коопсуздук күчтөрүнүн 997 өкүлү жаракат алган. Алардын жетөө оор жаракат алган. Дем алыш күндөрү өлкө боюнча 2 331 адам кармалган.
Ички иштер министри Лоран Нуньес 24–25-октябрда полиция күчөтүлгөн тартипте иштей турганын билдирди. Ал эми «Сары жилеттер» кыймылы жарандарды 24-октябрда жашоо наркынын кымбатташына каршы кайрадан көчөгө чыгууга чакырды.