www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын оор абалга түшүп, комага кеткен болушу мүмкүн деген маалыматтар чет элдик маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда тарады. Айрым билдирүүлөрдө ал Пекиндеги ооруканага жеткирилгени айтылган. Бирок бул маалыматтар азырынча ишенимдүү далилдер менен тастыкталган эмес.
Британиянын The Sun басылмасынын маалыматына караганда, интернетте Ким Чен Ын мээсине кан куюлуп, Кытайдагы Пекин университетинин медициналык колледжинин ооруканасына жеткирилген. Бирок Түндүк Корея менен Кытайдын расмий органдары анын ооруканага жаткырылганын ырастаган эмес. Бул боюнча медициналык документтер же көз карандысыз далилдер да жарыяланган жок.
Бирок 2026-жылдын 20-октябрында Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттары Ким Чен Ындын кийим-кече жана бут кийим көргөзмөсүнө барганы тууралуу сүрөттөрдү жарыялашты. Бул маалымат анын ден соолугуна байланыштуу ушактар күчөгөн учурга туш келди. Бирок сүрөттөрдүн так качан тартылганы белгисиз.
Ким Чен Ындын ден соолугу тууралуу ушактар буга чейин да тараган. 2020-жылы ал бир нече убакыт коомчулукка көрүнбөй калгандан кийин анын абалы оор экени, ал тургай каза болгону тууралуу божомолдор айтылган. Кийинчерээк ал кайрадан эл алдына чыккан.