www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын дарыясындагы Күрп-Сай суу сактагычында жүргүзүлгөн рейд учурунда мыйзамсыз балык уулоо фактылары аныкталып, 13 жаранга карата протокол түзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы маалымдады.

Маалыматка ылайык, башкармалыктын аңчы-адистери жана егерлери тарабынан өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз орнотулган синтетикалык торлор алынып, тиешелүү уруксат документтери жок балык уулоого чыккан жарандар аныкталган.

Натыйжада суу сактагычтан 500 метрден ашык синтетикалык тор чыгарылган. Уруксат берүүчү документтери жок балык уулоо менен алектенген 13 жаранга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протоколдор түзүлүп, жалпы 13 миң сом айып пул салынган.

Мындан тышкары, үч жаранга келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча доо коюлуп, тиешелүү актылар түзүлгөн.

Министрлик мындай рейддер суу биоресурстарын коргоого жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алууга багытталганын белгиледи.

Последние новости