www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда балдарына алимент төлөбөй жүргөндөрдүн топтолгон карызы 6 млрд сомго чукулдады. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынын өкүлү Болот Молдобеков билдирди.
Анын маалыматына караганда, 2026-жылдын тогуз айында алимент төлөөдөн качкан адамдарга байланыштуу 1 623 материал Ички иштер министрлигине жөнөтүлгөн. Анын негизинде 1 408 кылмыш иши козголуп, 982 иш сотко өткөрүлгөн.
Молдобеков белгилегендей, алиментти үч ай бою төлөбөгөндөр үч суткага чейин камакка алынышы мүмкүн. Ал эми бир жылдан ашык убакыт төлөөдөн качкандарга үч жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Ошондой эле карызкор аты-жөнүн өзгөрткөн күндө да, өлкөдөн чыгууга коюлган чектөө күчүндө кала берет.