www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекке Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) жыйындарына катышуу үчүн келген парламент жетекчилерине жана делегация мүчөлөрүнө «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында этномаданий программа тартууланды.

Иш-чара 2026-жылдын 19-октябрында өтүп, кыргыз элинин улуттук маданиятын, каада-салтын жана көчмөндөрдүн тарыхый мурасын даңазалоого багытталды. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев конокторду программа менен тааныштырды.

Маданий иш-чара орто кылымдардагы көчмөндөрдүн жашоо образын чагылдырган «Кыргыз айылы» көргөзмө комплексинде уюштурулду. Меймандарды улуттук кийимчен кыздар, зоот кийимчен баатырлар жана төкмө акындар тосуп алышты.

Делегация мүчөлөрү «Кол өнөрчүлөр аллеясын» кыдырып, боз үйлөрдүн жасалгасы, кыргыз уздары менен усталарынын кол эмгектери жана улуттук кийимдердин көргөзмөсү менен таанышышты.
Программанын соңунда бүркүтчүлөрдүн, жаачылардын жана тайганчылардын катышуусунда кыргыздын салттуу мергенчилик өнөрү — «Салбуурун» көрсөтүлдү.

Иш-чара чет өлкөлүк конокторго кыргыз элинин тарыхый-маданий мурасын жана көчмөн цивилизациясынын өзгөчөлүктөрүн таанытууну көздөдү.

Последние новости