www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери, мурдагы депутат Адахан Мадумаров буга чейинки соттордун өкүмүнө каршы кассациялык арыз берди. Арыз бүгүн 20-октябрда Жогорку сотто каралууда.
Мадумаров 2024-жылы күнөөлүү деп табылган, бирок кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза алган эмес. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.
Белгилей кетсек, Адахан Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген. Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралганын билдирген. Саясатчы ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.
Сүрөт архивден алынды