www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ички иштер министрлиги менен биргеликте миграциялык мыйзамдардын бузулушун аныктоо жана чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында «Нелегал» аталышындагы рейд өткөрдү.
УКМКнын маалыматына ылайык, иш-чаралар 2026-жылдын 1-октябрынан 10-октябрына чейин жүргүзүлгөн.
Рейддин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 93-беренеси боюнча жалпы суммасы 2 млн 927 миң сомду түзгөн 75 административдик протокол түзүлгөн. Ошондой эле 431-берене боюнча 10 млн 480 миң сомдук 1 412 протокол катталган.
Мындан тышкары, чет өлкөлүк жумушчу күчүн тарткан жарандар жана юридикалык жактар арасында түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлгөн.
Жалпысынан эки берене боюнча 1 487 административдик протокол түзүлүп, айып пулдардын суммасы 13 млн 407 миң сомду түздү.