www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги «Олимп» спорт мектебинин тарбиялануучусу Даян Деря каратэ боюнча WKF версиясындагы дүйнө чемпионатында коло медаль жеңип алды. Бул — Кыргызстан үчүн аталган мелдештин тарыхындагы алгачкы медаль.

Мелдештер Польшанын Бельско-Бяла шаарында кадеттер, өспүрүмдөр жана 21 жашка чейинки спортчулар арасында өтүүдө.

Даян Деря Бишкектеги Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин каратэ-до бөлүмүндө машыгат. Дүйнө чемпионатына аталган мектептен жалпы тогуз спортчу катышууда.

Бишкек шаарынын мэриясы спортчуну жана анын машыктыруучусун жетишкендиги менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди жана жаңы жеңиштерди каалады.

Последние новости