www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-октябрда Бишкектеги «Ырыс-Ордо» конгресс-холунда Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кезектеги жыйындары башталды. Анын алкагында Ассамблеяга төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өткөрүлдү.

Иш-чаранын алгачкы бөлүгүндө мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилери Ассамблеянын Кеңешинин жыйынына катышты. Төрагалыкты өткөрүп берүү аземинде Казакстандын Курултайынын төрагасы Айбек Дадебай символикалык балканы Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевге тапшырды.

Андан соң Кеңештин жыйыны кыргыз тараптын төрагалыгы алдында уланды. Марлен Маматалиев түрк мамлекеттеринин ортосундагы парламенттик кызматташтыкты өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына токтолду.

Анын айтымында, ТүркПАнын кызматташтыгы тарыхый жана маданий жакындыкты даңазалоо менен гана чектелбестен, жарандардын күнүмдүк жашоосуна таасир эте турган конкреттүү натыйжаларга багытталышы керек.

Жогорку Кеңештин төрагасы санариптик трансформация жана жасалма интеллект жаатындагы мыйзамдык базаны биргелешип өркүндөтүүнү, транспорттук жана экономикалык байланыштарды кеңейтүүнү, жаштардын парламенттик процесстерге катышуусун жогорулатууну, ошондой эле билим берүү, илим, маданият жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнү сунуштады.

Мындан тышкары, Кыргызстандын төрагалыгы учурунда туруктуу комиссиялардын кызматташтыгын чыңдоого, жаш парламентарийлердин жана аял депутаттардын өз ара байланышын өнүктүрүүгө, парламенттер менен эксперттик коомчулуктардын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө көңүл бурулары белгиленди.

Жыйындын жүрүшүндө Ассамблеяга мүчө өлкөлөрдүн парламент жетекчилери да сөз сүйлөп, кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сунуштарын билдиришти. Ошондой эле ТүркПАнын XV пленардык жыйынынын күн тартибине киргизилген маселелер талкууланды.

Жыйынга Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев, Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова, Казакстандын Курултайынын төрагасы Айбек Дадебай жана Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш катышты.

 

Последние новости