www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 19-октябрында Самарканд шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен жолугушту.
Жолугушуу «Борбордук Азия – АКШ» («С5+1») форматындагы министрлер жолугушуусунун алкагында өттү.
Тараптар кыргыз-америкалык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана Кыргызстанга америкалык инвестициялар менен технологияларды тартуу маселелерине көңүл бурушту.
Жээнбек Кулубаев Кыргызстан АКШ менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Ал тоо-кен казып алуу, энергетика, маалыматтык технологиялар, транспорт жана финансы тармактарындагы кызматташтыктын келечегин белгилеп, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жана эки өлкөнүн мамлекеттик органдары менен ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы түз байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн айтты.
Ошондой эле тараптар АКШнын санкциялык саясаты жана визалык чектөөлөр боюнча пикир алышты. Кыргыз тарап санкциялык талаптарды сактоо маселелеринде америкалык өнөктөштөр менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин билдирип, гуманитардык, билим берүү жана ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзгөн чечимдерди табууга кызыкдар экенин белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын президентинин атайын өкүлү Бакыт Сыдыков санкциялык маселелер боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Кыргызстандын жетекчилиги санкцияларды кыйгап өтүүгө жол бербөө жана бул багытта конструктивдүү диалогду улантуу үчүн америкалык өнөктөштөр менен активдүү кызматташууга ниеттенгенин белгиледи.
Мындан тышкары, Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайлангандыгына байланыштуу аталган кеңештин алкагындагы кызматташтыктын келечеги талкууланды.
Жолугушуу тараптардын кыргыз-америкалык мамилелерди мындан ары чыңдоого жана үзгүлтүксүз саясий диалогду улантууга кызыкдар экенин тастыктады.