www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 19–20-октябрында Өзбекстандын Ташкент шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн өзгөчө кырдаалдар ведомстволорунун жетекчилеринин аймактык форуму өтүүдө. Ага мамлекеттик органдардын, улуттук гидрометеорологиялык жана сейсмологиялык кызматтардын, эл аралык уюмдардын жана каржы институттарынын өкүлдөрү катышууда.
Форумдун негизги максаты — табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, эрте эскертүү системаларын өнүктүрүү жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда маалымат алмашууну жакшыртуу жаатындагы аймактык кызматташтыкты чыңдоо.
Жолугушууда сел, суу ташкындары жана анын ичинде чек ара аралык мүнөздөгү кооптуу жаратылыш кубулуштарын мониторингдөө жана алдын алуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда.
Кыргызстандын тажрыйбасын тааныштыруу алкагында кооптуу жаратылыш процесстерин көзөмөлдөөдө спутниктик маалыматтарды, геомаалыматтык технологияларды жана математикалык моделдөөнү колдонуу жолдору каралууда. Бул ыкмалар кооптуу аймактарды аныктоого жана өзгөчө кырдаалдардын мүмкүн болуучу кесепеттерин баалоого жардам берет.
Форумга БУУнун түзүмдөрүнүн жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүн камтыган эл аралык өнөктөштөр да катышууда. Тараптар биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу, мекемелердин мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо жана өлкөлөрдүн табигый коркунучтарга туруктуулугун жогорулатуу боюнча чараларды талкуулашууда.
Кыргызгидромет илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, эрте эскертүү системаларын өркүндөтүүгө жана гидрометеорологиялык маалыматтарды чек ара аралык алмашуу механизмдерин жакшыртууга өзгөчө маани берет.
Аймактык форум Борбор Азия өлкөлөрүнүн табигый кырсыктарга даярдыгын жогорулатууга жана алардын тобокелдиктерин азайтууга багытталган.