www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропортунда тиешелүү коштомо документтери жок зер буюмдарды өлкөгө алып кирүү аракетин токтотушту.
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, текшерүү учурунда жалпы баасы 9,6 млн сомдон ашкан 376 зер буюм аныкталган. Алардын 147си алтындан жасалып, жалпы салмагы 396 граммды түзгөн. Ал эми 229 күмүш буюмдун салмагы 1 кг 979 грамм болгон.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик айып пул салынып, тиешелүү укуктук жана салыктык жол-жоболор жүргүзүлгөн.
Мамлекеттик салык кызматы баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарды ташууда мыйзам талаптарын сактоо жана зарыл болгон коштомо документтерди камсыз кылуу керектигин эскертти.