www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан кышка канчалык даяр? Быйыл 2026-жылдын 15-октябрына карата Токтогул суу сактагычында 11 млрд 345 млн куб метр суу топтолгону айтылды. Энергетика министри Алтынбек Рысбеков парламентте билдирген бул көрсөткүч өлкөнүн күз-кыш мезгилиндеги энергетикалык коопсуздугуна байланыштуу суроолорду кайрадан күн тартибине чыгарды.
Салыштыруу үчүн, 2024-жылдын 16-октябрында суу сактагычтагы суунун көлөмү 13 млрд 226 млн куб метр болгон. Демек, 2026-жылдагы көрсөткүч андан 1 млрд 881 млн куб метрге аз.
Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл Кыргызстанда электр энергиясын керектөө 19,6 млрд кВт/саатка жетери күтүлүүдө. Анын 15,5 млрд кВт/сааты өлкө ичинде өндүрүлүп, 4,1 млрд кВт/сааты импорттун эсебинен камсыздалат.
15-октябрга карата чет өлкөлөрдөн дээрлик 3 млрд кВт/саат электр энергиясы сатып алынган. Бул жылдык импорттук пландын болжол менен 73%ына барабар. Мындай сандар өлкөнүн электр энергиясына болгон муктаждыгын ички өндүрүш толук камсыздай албай жатканын көрсөтөт. Бирок бир маанилүү жагдайды белгилеп коюу парз. Быйыл жаан-чачын көп болду. Тилекке карашы, Токтогулда суу аз топтолду.
Негизи Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү боюнча маалыматтын узак убакыттан бери үзгүлтүксүз жарыяланбай, сыр катары коомчулук үчүн жабык көрүнүшкө суроо жаратып келет. Суунун кириши, чыгышы жана запасы тууралуу күнүмдүк маалыматтар ачык болушу зарыл эле. Чынында, Өкмөт коомчулукка суунун көлөмүн гана эмес, анын жылдык динамикасын, импорттун наркын жана кышкы керектөөнү жабуу боюнча так эсеп-кысапты да көрсөтүшү керек.