www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

19-октябрда Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы (ККБФ) менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын ортосунда кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Документке ККБФнын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу жана Кызматтын директору Азирет Жоробеков кол коюшту.

Макулдашуу эмгек мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу, кызматкерлердин укуктарын коргоо жана мамлекеттик орган менен кесиптик бирликтердин ортосундагы социалдык өнөктөштүктү чыңдоого багытталган.

Тараптар маалымат жана тажрыйба алмашуу, эмгек мыйзамдарынын бузулушун алдын алуу жана кызматкерлерге укуктук колдоо көрсөтүү багытында кызматташууну өнүктүрүшөт.

Мурадил Джумадилде уулунун айтымында, макулдашуу эмгек укуктарын коргоо боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө жана Эмгек кодексинин талаптарынын иш жүзүндө аткарылышын камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

Кызматташтык кызматкерлердин мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун натыйжалуулугун жогорулатууга жана эмгек мыйзамдарынын бузулушуна ыкчам чара көрүүгө багытталган.

 

Последние новости