www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Молдовадан өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн А.Р. аттуу жаран Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.
Маалыматка ылайык, Башкы прокуратуранын Молдованын компетенттүү органдары менен кызматташуусунун натыйжасында өлкөгө кайтарылган жаран тергөө абагына киргизилди.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, шектелүүчү жарандардын ишенимине кирип, автоунааларды алып берүү жана сатып берүү шылтоосу менен алардын акчасын алдап алган. Натыйжада жабырлануучуларга 15 млн сомдон ашык материалдык зыян келтирилгени айтылат.
Башкы прокуратура чет өлкөлөрдө жашырынып жүргөн адамдарды издөө жана Кыргызстанга кайтаруу, кылмыш жоопкерчилигинин сөзсүз болушун камсыз кылуу, ошондой эле жабырлануучулардын укуктарын коргоо боюнча иштер улантылып жатканын белгиледи.