www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда орусиялык рэпер Navai′ге карата кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Tengri Life Жамбыл облусунун полиция департаментине шилтеме берүү менен маалымдады.
Маалыматка ылайык, кылмыш иши анын укук бузууну биринчи жолу жасаганы жана чын жүрөктөн өкүнгөнү эске алынып, кылмыш-процессуалдык мыйзамдардын талаптарына ылайык токтотулган.
Кабыл алынган процессуалдык чечимди көзөмөлдөөчү орган, башкача айтканда, прокуратура бекиткен. Navai Казакстандын аймагынан чыгарылган.
Эске салсак, 14-октябрда Казакстанда чет элдик аткаруучу Navai кармалганы белгилүү болгон. Полициянын маалыматына караганда, ырчы 13-октябрда өлкөгө кирип келе жатканда «Кордай» чек ара өткөрүү пунктунда кармалган. Операцияны полиция кызматкерлери чек арачылар менен биргеликте жүргүзүшкөн.
Бакиров бараткан унааны текшерүү учурунда баңгизат табылып, алынган. Ага карата баңгизаттарды контрабандалык жол менен алып өтүүгө аракет кылган деген шек менен сотко чейинки тергөө башталган.
Ырчы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кийин сот аны эки айга камакка алууга уруксат берген.