www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык ишкер Илон Маск 2027-жылы АКШдагы ар бир балага өзүнүн SpaceX компаниясынын бирден акциясын берүүнү пландап жатканын билдирди. Бул тууралуу ал X социалдык тармагына жазган.

Маск акцияларды бөлүштүрүүнүн так механизмин азырынча түшүндүргөн жок. Маалыматка караганда, ал АКШдагы балдар үчүн түзүлгөн салыктык жеңилдиктери бар Trump Accounts инвестициялык эсептери аркылуу жардам көрсөтүшү мүмкүн.

Бул программага 2025-жылдын январынан 2028-жылдын аягына чейин АКШда төрөлгөн балдар катыша алат. Учурда программа болжол менен 70 миллион баланы камтыйт деп айтылууда.

Маск бул демилгени өз компанияларынын активдерин бөлүштүрүү боюнча алгачкы кадамдардын бири катары мүнөздөгөн. Бирок акцияларды берүү тартиби жана шарттары азырынча расмий тактала элек.

Последние новости