www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда Интерполдун Улуттук борбордук бюросу түзүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин 19-октябрдагы №709 токтомунда айтылат.
Жаңы бюро Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын курамына кирет. Анда сегиз кызматкер иштеп, алардын бири Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлү болот.
Бюронун негизги милдети — эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө чет мамлекеттердин укук коргоо органдары менен кызматташууну күчөтүү.
Токтом расмий жарыялангандан 10 күн өткөн соң күчүнө кирет.