www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчы Көлбаевдин жан сакчысы болгон, «Узун Улан» каймана аты менен белгилүү Улан Барчакеевге сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Биринчи май райондук соту Б. У. К. (Улан Барчакеев) мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыратты.

Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин төмөнкү беренелери боюнча айыпталган:

  • Уюшкан топ түзүү же ага катышуу — сегиз жылга эркинен ажыратуу;

  • Каракчылык — сегиз жылга эркинен ажыратуу жана 180 миң сом айып пул;

  • Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) — сегиз жылга эркинен ажыратуу.

Кылмыштардын жыйындысы боюнча сот ага мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылдык жаза белгилеген. Мындан тышкары, ал үч жылга күзөт ишмердүүлүгүнө байланыштуу иштерди жүргүзүү укугунан ажыратылды.

Соттолгон адам жазасын жалпы режимдеги түзөтүү мекемесинде өтөйт. Жаза мөөнөтү 2025-жылдын 4-сентябрынан тартып эсептелет. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакта өткөргөн убактысы бир күн эки күндүк эркинен ажыратууга барабар тартипте эсепке алынат.

Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды.

Эске салсак, 2025-жылдын сентябрынын башында Москва шаарында оор кылмыштар үчүн мурда бир нече жолу соттолгон, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын 1972-жылы туулган жараны Б. У. К. кармалган. Ал кылмыш чөйрөсүндө «Узун Улан» деген каймана ат менен белгилүү болгон.

Последние новости