www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто курулуш компанияга 200 000 сом айып салынды

Ош шаарындагы Беш-Капа көчөсү 142/1 дарегинде курулуп жаткан 10 кабаттуу турак жай текшерилди. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. 

Аталган объектте буга чейин курулуш ченемдери, техникалык коопсуздук эрежелери жана курулуш аянтын көрктөндүрүү талаптары сакталбагандыгы үчүн подряддык уюмга айып пул салынып, тиешелүү эскертүү берилген.

Кайра текшерүүнүн жүрүшүндө коюлган талаптар аткарылбай, аныкталган мыйзам бузуулар жоюлбагандыгы белгилүү болду. Натыйжада, “Ясин Курулуш” ЖЧКсына карата кайрадан 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынып, тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан курулуш объектилериндеги мыйзам бузууларды аныктоо жана алардын алдын алуу боюнча көзөмөл иштери системалуу түрдө улантылат.

Последние новости