www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилинде электр энергиясын пландуу өчүрүү жана чектөө киргизүү каралган эмес. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков 19-октябрда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.
Депутат Улугбек Ормонов айыл жерлеринде кышында электр жарыгы өчүрүлбөй турганына кепилдик берүүнү сурады.
Министр өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы бар экенин, анын орду импорттун эсебинен толукталып жатканын айтты. Бирок эртең мененки жана кечки керектөө күчөгөн маалда электр кубаттуулугу жетишпей, айрым көйгөйлөр жаралышы мүмкүн экенин белгиледи.