www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШдагы JPMorgan Chase банкынын башкы директору Джейми Даймон Европа өлкөлөрүнүн коргонуу өнөр жайынын абалына байланыштуу сын-пикирин билдирди. Анын айтымында, Европанын аскердик мүмкүнчүлүктөрү жетишсиз болгондуктан, Орусия кааласа, бүгүн эле Парижге чейин жетиши мүмкүн.

Бул тууралуу Даймон Чикагодогу Экономикалык клубда өткөн маалымат жыйынында билдирген.

«Европалыктар армияны кармап турууга каражат таба алышпайт. Алар социалдык коргоо системасын каржылоодо да кыйынчылыктарга туш болушууда. Эгер Орусия кааласа, анын армиясы бүгүн эле Парижге кире алмак», — деген америкалык банкир.

Ошондой эле Даймон Вашингтондун колдоосусуз Европа дүйнөлүк дипломатияда өз ордун сактап калууда кыйынчылыктарга туш болорун белгилеген. Анын сөзүнө караганда, Европа Биримдиги АКШны сынга алып жатканына карабастан, трансатлантикалык кызматташтык маанилүү бойдон калууда.

Мындан тышкары, JPMorgan жетекчиси Брюсселди Орусия жана Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү багытында кадам таштоого чакырган.

Последние новости