www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусун кыдырып эл менен жолугушууларды өткөрдү. Сапардын алкагында карапайым калк тарабынан айтылган жергиликтүү бийлик чечип койчу көйгөйлөрдүн көптүгүнөн, президент облус жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун сынга алууга аргасыз болду. Сын облустагы жетекчилердин, анын ичинде губернатор Тилек Текебаевдин ишмердүүлүгүнө карата олуттуу суроолорду жаратты.
Мамлекет башчысынын баамында, аймактагы көйгөйлөрдүн өз убагында чечилбегени жергиликтүү жетекчилердин ишин кайрадан карап чыгууну талап кылат. Мындай шартта облустук администрациядан тартып укук коргоо органдарына чейинки түзүмдөрдүн аткарган ишине баа берүү маанилүү.
Облус башчысы катары Тилек Текебаев аймактагы мамлекеттик органдардын ишин координациялоо жана көйгөйлөрдүн чечилишин камсыз кылуу үчүн жооптуу жетекчилердин бири болуп саналат. Андыктан президенттин ачык сыны башкаруудагы кемчиликтерди жоюу жана конкреттүү жыйынтык көрсөтүү зарылдыгын күн тартибине чыгарды.
Эми айтылган сындан кийин кандай чаралар көрүлөт, кеп ушунда. Дегенибиз, Жалал-Абад облусундагы жетекчилердин ишине акыркы баа сөз менен эмес, аткарылган иштер жана эл күткөн натыйжалар менен берилиши керек.