www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тараптар өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга жана аэропорттордун боордоштук кызматташтыгы тууралуу макулдашууга кол коюшту.

2026-жылдын 20-октябрында Германиянын Франкфурт-Хан (TRIWO Hahn) аэропортунда «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын жана «Манас» эл аралык аэропортунун делегациясы менен аэропорттун жетекчилигинин жолугушуусу болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчилигинин көмөгү менен уюштурулду.

Жолугушуунун негизги максаты — жарандык авиация тармагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана өнөктөштүк мамилелерди бекемдөө.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар аэропорттор ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү аба аркылуу ташууну өнүктүрүү, кесиптик тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле аэропорттук инфраструктураны башкаруу жана операциялык процесстерди өркүндөтүү боюнча алдыңкы тажрыйбаларды киргизүүгө көңүл бурулду.

Кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган макулдашуулар

Жолугушуунун жыйынтыгында «Кыргызстан аэропорттору» ААК менен Германиянын TRIWO Hahn аэропортунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга жана аэропорттордун боордоштук кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Бул документтер эки тараптын ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана аэропорттордун ишмердүүлүгүндөгү өз ара кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.

Последние новости