www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун катышуусунда тогуз айдын жыйынтыгын чыгарууга арналган жыйын өттү.
Жыйында түшүм жыйноо иштеринин жүрүшү, айыл чарба тармагындагы көрсөткүчтөр жана азык-түлүк бааларынын өсүшүн турукташтыруу боюнча иш-чаралардын аткарылышы талкууланды.
Өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык башкармалыгынын башчысы Туратбек Идирисов менен Кырдаалдык аналитика жана изилдөө башкармалыгынын башчысы Эрбол Замирбеков тогуз айдын жыйынтыгы жана оруп-жыйноо иштери боюнча маалымат беришти.
Кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Дамира Аскарбекова 2026–2027-жылдарга карата баалардын өсүшүн турукташтыруу жана инфляцияга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы тууралуу баяндады.
Ошондой эле Финансы жана бухгалтердик эсеп башкармалыгынын башчысы Айсулуу Жумалиева агроөнөр жай тармагындагы жеңилдетилген кредиттерди берүү боюнча мамлекеттик программалардын жана долбоорлордун аткарылышы, 2027-жылга карата пландар тууралуу маалымат берди.
Ал эми «Кыргыз Агрохолдинг» ААКсынын директору Данил Жумабаев «Агротехэкспо жана Алтын күз – 2026» көргөзмө-жарманкесинин жыйынтыктары менен бөлүштү.