www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 27-октябрда, Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети онлайн лотереяларды, санариптик ойнотууларды жана бинардык опциондорду жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген мыйзам долбоору боюнча Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Кайрат Маматов баяндама жасады.
Анын айтымында, документ аталган чөйрөдөгү мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө, алдамчылык тобокелдиктерин азайтууга жана жарандардын укуктарын коргоого багытталган. Ошондой эле бинардык опциондор түрүндөгү кумар оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салуу каралган.
Мындан тышкары, комитет «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүү жаатында жеңилдиктерди берүү жөнүндө Жогорку Кеңештин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 446-VIII токтомун аткаруу мөөнөтүн 2027-жылдын 31-декабрына чейин узартуу маселесин колдоду.