www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 19–23-октябрь күндөрү Бишкек шаарында мыйзамсыз жайгаштырылган 77 объект демонтаждалып, 7 664 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.
Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын маалыматына ылайык, демонтаждалган объекттердин 44ү жеңил типтеги курулуштар болсо, 33ү капиталдык курулуштар болгон. Иштер мажбурлоо тартибинде жана ыктыярдуу негизде жүргүзүлгөн. Түшүндүрүү иштеринен кийин айрым объект ээлери мыйзамсыз курулуштарын өз алдынча алып салышкан.
Мындан тышкары, жер мыйзамдарын бузуу, анын ичинде муниципалдык жерлерди өз алдынча ээлеп алуу жана бөлүнгөн жер тилкелеринин аянтын мыйзамсыз кеңейтүү фактылары боюнча 52 протокол түзүлүп, айып пулдардын жалпы суммасы 1 миллион 992 миң сомду түздү.
Мэрия шаар тургундарын жана ишкерлерди жер мыйзамдарынын талаптарын сактоого чакырат. Тиешелүү уруксат документтери жок курулуш жүргүзүүгө жана жер тилкелеринин чектерин мыйзамсыз кеңейтүүгө жол берилбейт. Мыйзам бузуулар аныкталган учурда мыйзамда каралган чаралар көрүлүп, мыйзамсыз объекттер демонтаждалышы мүмкүн.