www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Жапонияга болгон расмий сапарынын алкагында Токио шаарында Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) президенти Акихико Танака менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен JICAнын кызматташтыгын өнүктүрүү, саламаттык сактоо, билим берүү, инфраструктура жана аймактарды колдоо багытындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Марлен Маматалиев JICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн иштеп баштаганына быйыл 25 жыл толгонун белгилеп, агенттиктин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Төрага саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруп, медициналык жабдууларды жаңылоо, онкологиялык ооруларды аныктоо жана дарылоо мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу маселелерин көтөрдү. Анын ичинде Кыргызстанда позитрондук-эмиссиялык томография менен компьютердик томографияны айкалыштырган ПЭТ-КТ технологиясын киргизүү жана заманбап медициналык шаарча түзүү долбоору талкууланды.

Ошондой эле медициналык жабдууларды сатып алууга гранттык жана насыялык колдоо алуу, заманбап технологиялар менен иштей турган адистерди даярдоо маселелери каралды.

Мындан тышкары, тараптар JDS программасы, жапон ыктыярчыларынын ишмердүүлүгү жана аймактарда чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багытталган «Бир айыл, бир продукт» долбоору боюнча кызматташууну улантууну талкуулашты. Маматалиевдин айтымында, JDS программасы аркылуу 300дөн ашуун кыргызстандык мамлекеттик кызматкер Жапонияда билим алган.

Өз кезегинде Акихико Танака Кыргызстан JICA үчүн маанилүү өнөктөш экенин белгилеп, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары жана Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Эркинбек Осоев да катышты.

Последние новости