www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда ата мекендик багбандарды колдоо жана 2026-жылы жыйналган алманын түшүмүн сатууга шарт түзүү максатында алма импортуна убактылуу тыюу салынды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Тыюу 2027-жылдын 1-февралына чейин күчүндө болот.
Белгиленгендей, өлкөдө алма бактарынын жалпы аянты 26 миң 324 гектарды түзөт. Быйыл 179 миң 393 тонна алма жыйналышы күтүлүүдө. 2026-жылдын январь-август айларында Кыргызстанга 6 миң 438,9 тонна алма импорттолгон. Анын негизги бөлүгү Польша, Кытай жана Өзбекстандан келген. Ал эми ушул мезгилде алманын экспорту 10 миң 779,52 тоннаны түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,3%га азайган.