www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялардын (ОРВИ) сезондук өсүшү байкалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Гульбара Ишенапысова билдирди.
Анын айтымында, 19–25-октябрды камтыган 43-жумада катталган оорулардын саны мурунку жумага салыштырмалуу 15,7 пайызга көбөйгөн. Инфекциянын мындан ары жайылышына жол бербөө максатында туруктуу мониторинг жүргүзүлүүдө.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) болжолуна ылайык, А тибиндеги H1N1 жана В тибиндеги H1N3 грипп вирустары кайра жайылышы мүмкүн.
«Курч респиратордук вирустук инфекциялар жыл сайын катталат. Бирок суук мезгилде ооругандардын саны кескин көбөйөт. Ошондуктан 1-октябрдан тартып тиешелүү алдын алуу иш-чараларын күчөттүк», — деди министрдин орун басары.
Өткөн аптада лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында риновирус 46,4 пайызды, сезондук коронавирус жана аденовирус 10,7 пайыздан, бокавирус 7,1 пайызды, ал эми парагрипптин I жана III түрлөрү 20,4 пайызды түзгөн.
Катталган учурлардын 68,5 пайызы 14 жашка чейинки балдарга туура келет. Тактап айтканда, төрт жашка чейинки балдар арасында 4 171, 5–14 жаштагылар арасында 2 513, 15–29 жаштагылар арасында 1 598, ал эми 30–64 жаштагылар арасында 1 141 учур катталган.
Ооругандардын басымдуу бөлүгү калк жыш жайгашкан аймактарда жашайт. Бишкек шаарында 3 454, Чүй облусунда 1 514, Баткен облусунда 1 168, Нарын облусунда 593 учур катталган.
Гульбара Ишенапысованын маалыматына караганда, 9–26-октябрь күндөрү республикадагы мектептердин 75 пайызы текшерилген. Ооруп калгандыктан сабакка катышпаган окуучулардын орточо көрсөткүчү 3–4 пайызды, бала бакчаларга барбаган балдардын үлүшү 6–7 пайызды түзгөн.
42- жана 43-жумалардын жыйынтыгынын негизинде түзүлгөн болжол боюнча, оорунун күчөшү ноябрь айында күтүлүүдө. Бишкекте ооругандардын саны 16 миңден, Ош шаарында 6 940тан, Чүй облусунда 6 223төн ашышы мүмкүн.
Мындан тышкары, аэропорттордо санитардык-карантиндик иш-чаралар күчөтүлүп, аларга сегиз заманбап тепловизор бөлүнгөн.
Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды оорунун белгилери байкалган учурда дароо стационарга барбастан, жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк медицина борборуна же поликлиникага кайрылууга чакырат.