www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 5-декабрда, № 22 көп мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эмил Абдыкадыровдун ыйгарым укуктуу өкүлү М. Калмырзаевдин арызын карады.
БШКга талапкер Э.Абдыкадыровдун ыйгарым укуктуу өкүлү М. Калмырзаевден № 22 шайлоо округу боюнча № 1102, № 1103, 1104, 1106, 1113, 1127, 1133, 1140, 1142 шайлоо участкаларында кайрадан кол менен эсептѳѳ жүргүзүү жѳнүндѳ арыз келип түшкѳн.
Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун 2025-жылдын 5-декабрындагы жыйынында аталган маселе каралып, тараптар угулду.
Жумушчу топ мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык бюллетендерди кайра саноо үчүн негиздер жок экендигине байланыштуу, М.Калмырзаевдин арызын канааттандыруудан баш тартууну сунуштаган. КР БШКсы, Жумушчу топтун сунушун эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык талапкер Э.М. Абдыкадыровдун ыйгарым укуктуу өкүлү М. Калмырзаевдин арызын канааттандыруудан баш тартты.