www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист Канышай Мамыркулова менен жарандык активист Самат Алиев вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду сотко беришкен. Бул тууралуу Канышай Мамыркулова “Эл жана чек ара маселеси оюнчук эмес» ,- экендигин жазган. Доо арызда 13-январда жана 15-январда Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча өткөрүлгөн митингди Жеңиш Разаков “Акча менен уюштурулган, алар акчага чыгарылган адамдар” деп айтканын «куру айып» деп баалашып, доо арыз жазгандардын ар бири 5 млн сомдон талап кылышкандыгы маалым болгон.
Ал эми бүгүн, 28-январда 1-Май райондук соту арызды кароодон баш тарткандыгы кабарланды. Бул тууралуу Канышай Мамыркулова: “1-Май райондук соту күтүлгөндөй эле Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Жеңиш Разаковдун үстүнөн жазылган менин арызымды кароодон баш тартты. Жарандык активист Самат Алиевге кабарлашкан жок. Бирок, мазмуну бир болгондуктан анын арызынан дагы баш тартылган болушу мүмкүн. Соттун аныктамасын алгандан кийин себеби белгилүү болот”,-деп маалымдады.