www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Президентке айтарым бар эле...” деп чиедей 3 баласын жетелеген Жаңыл Жумакадырова NazarNews.kg маалымат агенттигине кайрылды. Анын Ысык – Көл облусунун Бөкөнбаев районунан ат арытып борборго каттаганы биринчи жолу эмес. Акыйкат издеп жардам сурап кайрылбаган мамлекеттик кызмат калган эмес.

Жумакадырова, там салуу үчүн 7 сотых жер жана ылайыктуу иш сурайт. Айтымында, буга чейин ал жергиликтүү акимияттын полун жууп келсе, анысын учурда айылдагы апаларга алып берип коюшкан. Ал эми көзү жакшы көрбөгөн күйөсүнө эмчектеги баласын таштап, башка жакта иштеп кете албайт. Азыркы учурда  жалданма батирде турушат. Тапкан кирешелери балдарына алган арзыбаган жөлөк пул.

Кызыгы Жаңыл айымдын билдирүүсүнө караганда, бир ганча жыл мурун Бөкөнбаев айылынан үйү, жери жок, балалуу үй-бүлөлүүлөргө 105 га жер бөлүнгөн. Мына ошондо тизмеде турганы менен колунда жоктор ал жерге жеткен эмес. Колунда барларга жең ичинен сатылып кеткен. Мына ушул армандарын айтып президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

 

Айтмакчы, Жаңыл Жумакадырованын тагдырына кайдыгер карабай, жардамга кол сунгусу келген айкөл, боорукер адамдар болсо, 0700 078 494 номуру аркылуу анын өзү менен байланышса болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости