www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тергөөчүлөр 19 жылдан кийин сөөктөрүн таанууга мүмкүн болбогон беш террористтин бири - "№11 согушчу" Ингушетиянын тургуну Асланбек Парчиев экенин "Известия" гезити Түндүк Кавказ федералдык округунун Тергөө комитетинин өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү Альберт Хасауовго шилтеме берүү менен жазып чыкты.

"Известия" басылмасынын маалыматы боюнча, 2023-жылдын май айында Тергөө комитетине ыкчам кызматтардан мектепке кол салган белгисиз террористтердин биринин манжа издери дал келгендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул адам Ингушетиянын тургуну Асланбек Парчиев болуп чыккан.

Гезитте жазылгандай, иликтөө иштеринин жүрүшүндө Парчиевдин жакындары,  бир туугандары табылып, суракка алынган. Алар аны визуалдык түрдө тааный алышкан эмес. Себеби террористтин денеси катуу күйүп кеткен. Тергөөчүлөр Парчиевдин эжесинен генетикалык материал алышкан. "Экспертиза 99% ыктымалдык менен "№11 согушчунун" денеси менен аял бир тууган экенин көрсөттү", - деген Хасауов.

Булак ошондой эле "Известияга»" билдиргендей, Парчиев мектепти басып алган биринчи күнү, тактап айтканда 1-сентябрда жок кылынган.

Эске салсак, 2004-жылдын 1-сентябрында эртең менен майрамдык чогулуш учурунда Бесландагы №1 мектепти 32 адамдан турган террористтердин отряды басып алган. Террорчулар барымтага алынган 1128 адамды, анын ичинде балдарды мектептин спорт залына киргизишкен. Адамдарды мектепте үч күн суу жана тамак-аш бербей мажбурлап кармашкан.

3-сентябрда түшкө жакын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин төрт кызматкери бар унаа мектеп имаратына келип, алар террористтердин колунан каза болгон адамдардын сөөгүн алып кетүүгө тийиш болгон. Ошол маалда мектепте жарылуунун үнү угулуп, андан кийин эки тараптан тең ок атышуулар башталып, терезеден жана гимназиянын дубалындагы боштуктан балдар менен аялдар секире башташкан.

Кырсыктын курмандыктары 334 киши, анын ичинде 318и барымтадагылар, анын 186сы жаш балдар. Ошондой эле Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Атайын максаттуу борборунун он кызматкери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эки кызматкери жана он беш полициячы каза болгон. Барымтадагы 810 адам, Федералдык коопсуздук кызматынын Атайын күчтөрүнүн кызматкерлери, полиция жана аскер кызматкерлери жарадар болушкан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости