www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар Roblox оюнун чектөөнү сунушташты

7-октябрда Жогорку Кеңеш бинардык опциондор түрүндө кумар оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Талкууда депутат Жумабек Салымбеков балдардын Roblox онлайн оюнуна жеткиликтүүлүгүн чектөөнү сунуштады. Ал оюндагы акча талап кылган сатып алуулар балдарды кумар оюндарына жакындатышы мүмкүн экенин айтты.

Финансы рыногун жөнгө салуу кызматынын башчысы Кайрат Маматов 16 жашка чейинкилерге банк карталары ачылбай турганын, оюндарга карталарды ата-энелер өздөрү байланыштырарын белгиледи.

ЖК төрагасы Марлен Маматалиев да уулу Roblox оюнунда акча коротконун айтып, бул маселеге көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Последние новости