www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20 жаштагы казакстандык Иманбек Зейкенов Грэмми сыйлыгына көрсөтүлдү.  

Март айында ал Roses (SAINt JHN) трекине ремикс кылган. Грэммиде "Эң мыкты ремикс жазуу" номинациясына көрсөтүлдү. Youtube’да Иманбектин ремикси бар видео 117 миллиондон ашык көрүүнү топтогон.

Иманбектин айтымына караганда, ал мындай популярдуулукту күткөн эмес.

“Аудио жазууларымда Saint JHN ыры бар болчу. Эксперимент өткөргүм келди, эки сааттын ичинде ремикс жаздым. Интернетке жүктөп койдум, досторум жактырып “лайк” басышты. Болду. Анан баары тынч эле болчу. Үч айдан кийин, тааныштарым тректи кайсы бир топкожарыялаган экен, ал жерде миллион жазылуучусу бар окшойт. Ошол жерден акырындык менен адамдар бул ырды уга башташты. Дагы бир жарым айдан кийин, мага кызматташууну сунуштап, ар кандай лейблдардын башчылары кайрыла баштады",- дейт Зейкенов.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости