www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңеши арыз берүүчү тарабынан дармек каражаттарын каттоону ишке ашырууну Евразиялык экономикалык бирлик эрежелерине, же интеграциялык бирликке мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык тандоо мүмкүнчүлүгүн берген өткөөл мезгилдин мөөнөтүн 2021-жылдын 1-июлуна чейин узартуу (алгачкы мөөнөт 2020-жылдын 31-декабры деп көрсөтүлгөн) чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өткөөл мезгилди узартуу жана дармек каражаттарын улуттук каттоодон өткөрүүнү сактоо чечимин кабыл алуу ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин саламаттыкты сактоо тармагынын жаңы дары-дармектерге карай муктаждыгын толук канааттандырат.

Ошол эле учурда каттоо досьелерин ЕАЭБ каттоо эрежелеринин талаптарына ылайык келтирүү иштерин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости