www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

4-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасында 2021-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү талкууланды.

Жыйында баяндама жасаган айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков 2021-жылы өздөштүрүлгөн жерлердин аянты 6700 гектарды түзөөрүн белгилеп: "Климаттык өзгөрүүлөр жаңы технологияларды пайдалануу зарылчылыгын жаратып, тамчылатып сугаруунун көрсөткүчү быйыл 2700 гектарга жетет. Ал эми республикабызда 2 жарым миңден ашуун күнөскана бар. Тиешелүү жарлыктын негизинде быйыл үрөөн жана асыл тукум чарбаларына артыкчылык берилүүдө", - деди.

Ошондой эле быйылкы жазгы талаа жумуштары 699 миң гектар жерде жүргүзүлөөрүн айткан министр: "Бул жумуштарды ийгиликтүү өткөрүү үчүн Өкмөттүн 34-токтомунун негизинде Ачыл-чарбасын каржылоо-9 долбоору аркылуу 6 млрд сомдон ашык акча каражаты бөлүнгөн. Ага ылайык дыйкандарга жана малчыларга 6, 8 жана 10%дык ченде насылар берилип жатат", - деп кошумчалады.

Мындан сырткары, сапаттуу үрөөн, жер семирткич, техника жана сугат суу менен камсыздоо маселелерине токтолгон Аскарбек Жаныбеков: "Буудайдын үрөөнү 85%га, арпа үрөөнү 89%га, калган өсүмдүк түрлөрү дээрлик 100%га камсыздалды. Бирок, тилекке каршы дыйкандарыбыз толугу менен сапаттуу үрөөндөрдү себе алышкан жок. Үрөөнчүлүк чарбаларыбыздын 50%ы тиешелүү талаптарга жооп бере албагандыктан, азык түлүк коопсуздугу камсыздалбай келет. Ошондуктан жылына башка өлкөдөн 350 миң тонна азыктык буудай, 90-95 миң тонна ун алабыз. Эгемендүүлүккө чейин биздин өлкө гана аталган азыктарды сыртка экспорт кылчуубуз", - деп билдирди.

Последние новости