www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин өлкөдө 4 миллионго жакын адамдын Ковид-19га каршы эмделгенин билдирип: «2 миллиондон ашуун адам эки доза вакцина алышты. Андан бираз азыраак б.а 2 миллионго жакын адам биринчи дозасын сайдырышты»,-деди. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.

Путин жардам уюмунун ыктыярчылары менен өткөргөн жыйында, өлкөдөгү Ковид-19га каршы эмдөө процесси жөнүндө билдирүү жасады.

Путин өлкөдө эмдөө процессинде кээ бир көйгөйлөр бар экендигин белгилеп: «Логистика, бөлүштүрүү жана эмдөө пункттарын уюштурууга байланыштуу көйгөйлөр бар. Менин билишимче, эмдөө иштери өлкөнүн 9 аймагында баштала элек»,-деп айтты.

Россияда жуктургандардын саны азайганын бирок коркунуч жоюлбагандыгын баса белгилеген Путин, эл аралык аренада Ковид-19га каршы күрөшүү боюнча демилгелердин бириктирилиши зарылдыгына көңүл бурду.

Последние новости