www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баягы эле амалдануу бүтпөй койду. 21-мартта Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келүүсү күтүлүүдө. Бул боюнча таластык таасирдүү тарапташтары иштеп атышканы, бийликтин алдынан өтүүгө жандалбас урушканы каңкууланды.
Азырынча белгисиз: Акүй кожоюндары Бабановду кечиришеби, же баардык маселе мыйзам чегинде каралуусу айтылабы? Буга чейин БӨТкө оор берененин негизинде кылмыш иштери козголгон, учурда соттук процесстер баштала элек. Бул жагы кандай бүтө турганы али белгисиз.
Эске сала кетсек, президенттик шайлоо астында Сооронбай Жээнбеков “коррупция менен күрөшүүнү сенден баштайм» деп Бабановго колун кезеп, калың элдин астында убада берген. Биздин баамыбызда, бийлик ага кечирим берип, козголгон кылмыш иштерин жаап салууга барбайт. Себеби, Бабанов душман катары Жээнбековдон өч алары, ыңгайы келсе тарапташтарын көтөрүп чыгышы мүмкүн.
Ал Нооруз майрамында Кыргызстанга күтүүсүздөн кирип келсе, коомдук кырдаал толкуп кетпейби? Акүй билермандары Бабановдун коркок экенин билишет, «келсең камаласың» дегендей коңгуроо кагышса качып жүрө береби? Эгерде ал “коркок” деген сөзгө намыстанып келип калса, элди өзүнө бат але тартып кетери, бийлик үчүн баш оору жаратары турган иш.
Кубат КАРАЧЕВ
Булак: АЗИЯnews