www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин жан-жөөкөрлөрү, жакын кадрлары коррупцияга айыпталышып, камакка алынганы маалым. Ал эми коомчулукка жексур көрүнгөн, ири кылмыш иштерине шектелген Абдил Сегизбаев, Болот Сүйүмбаев жана Индира Жолдубаева эч кандай жоопкерчиликке тартылышпай, бийликтин кадыр-баркына көлөкө түшүрүп келишет. Жакында «Ата Мекен» партиясы менен Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов да айтышты, береги үч эргулдун жоопко тартылбай тайраңдап жүрүшкөнүн эске салышып.
Негизи А.Сегизбаев, Б.Сүйүмбаев, И.Жолдубаева саясый куугунтуктарды аёосуз жүргүзүшкөнү, канчалаган адам тагдырларын талкалашканы, ошого катар контрабаңданы көзөмөлдөшкөнү жалганбы? Булар бийликке келгенге чейин жөнөкөй эле турмушта жашашчу, а азыр элдин алдыңкы байбачаларындай күн кечиришет.
«Мыйзамсыз баюу» деген беренени үчөөнө эмне үчүн колдонсо болбосун? Дүнүйө-мүлктөрү жагынан Дүйшөнбек Зилалиевден ашып кетишмек окшойт, эгер тыкыр текшерүүгө алынышса.
Айтмакчы, чындыты талап кылган көпчүлүк булардын камалышын какшап атышса, «биз бийлик менен чечишип алганбыз» деп мактанып жүрүшкөнү кандай? Кантип «чечишип» алышты экен? Атамбаевди сатып кетишип, тымызын маалыматтарды беришкени үчүнбү?
Же миллиондогон жашылбайларды мамлекеттин казынасына төгүшсө, анда угат элек да?.. Эрксизден Чыңгызхандын гениалдуу ыкмасын эстейсиң, ал өзүнүн же душмандардын ичинен чыккан саткынчыларды эч убакта кечирген эмес, андайлардын жазасы өлүм болгон! Ошон учун Чыңгызхан үлкөн жеңиштерди, ийгиликтерди багындырган да...
Булак: АЗИЯnews