www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аз күн мурда Райым Матраимовдун ишенимдүү өкүлү Кундуз Жолдубаева менен кокусунан сүйлөшүп калат: «Эмне эле «Апрелден» ыгы келбесе да Райым братты шыбап атасыңар, факты болсо бир жөн, бул маселеге чекит койбойлубу?» кыязында маселени кабыргасынан коёт.

Антсе Кундуз айым: «Бул жабык тема. Биз Райым Матраимов боюнча мындан ары тескери пикирди чагылдырбайбыз» дейт.

Анда Райымдын ишенимдүү өкүлү: «Ушинтип коюп эле Атамбаев сого берет турбайбы?» деп нааразы болот.

Кундуз болсо: «Жо-ок, бул боюнча шеф дагы билди, эч кандай тескери маалымат бизден чыкпайт» дейт.

Ап-баракелде! Ал жагы саясый айыптоолордун маңызында тынчыптыр, эми бийликтин ичинен айрым көралбасгар былгап, «Райым миллионду» жаманатты кылууга иштеп атышат. Алардын да ким экенин эртең эле билип коёбуз...

Арстан АЛГЫРБЕКОВ

Булак: АЗИЯnews

Последние новости