www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сапардын өлкөдөгү үчүнчү адамга айланганы боюнча түркүн пикирлер токулууда. Бири татыктуу кадр болчу десе, айрымдар тескерисинче ийрилген кептерин чаргытат. Отуз тогуз жашында бийик даражага жеткен Исаковдун тагдыры минтип кетээрине көзү ачыктар деле баам салбаптыр, - деп жазат ""Ачык сөз" гезити.
Антсе да кадыресе такшалуу мектебинен өтүп, көздөй кадрлардан болгонун эч ким танууга акысы жок. Сары бала өкмөт башчы болгондо күйпөлөктөп кошомат кылып жүргөндөр кырдаалга жараша түздөнүшүп ал тургай сынык кептерин удургутушуп калганы биздин элиталардын эки жүздүүлүгүн билдирет.
Анын башына чоң сыноо түштү. Эми анын жыйынтыгы кандай эптелгени боюнча акыры бир күнү кабардар болобуз дечи. Антсе да акыйкат чечим болоор бекен деген тынчсыздануу жаралганын жашырууга мүмкүн эмес. Бийликтин укуругу узун болот турбайбы...
Булак: NazarNews.kg