www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«КТ Мобайл» компаниясы боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссия ишинин корутундусун чыгарды. Комиссия май айында «Альфа-Телеком» мамлекеттик компаниясынын эсебинен «КТ Мобайлга» 345 миллион сом бөлүүнүн мыйзамдуулугун иликтөө максатында түзүлгөн. «КТ Мобайлдын» жетекчилеринин чоң суммада айлык алышы, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы, «Ачык өкмөт» улуттук форумунун ошол кездеги катчысы Иманкадыр Рысалиевдин уулу Эрназар компаниянын директорунун орун басары болуп иштегени ачыкка чыгып сынга алынган. 17-майда компаниянын директору Нурбек Мукамбетов менен анын орун басарлары иштен кеткени белгилүү болгон. Иманкадыр Рысалиев уулу 30-майда беш айда алган маянасын кайтарганын, анын суммасы 787 620 сомду түзгөнүн жарыялаган. Комиссия "Альфа телеком" ЖАКтын ишмердигине бажасы Иманкадыр Рысалиевдин тикелей кийлигишкендиги аныкталгандыктан премьер-министр Абылгазиевдин моралдык жоопкерчилигин, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун төрагасы Ренат Түлөбердиевдин, Маалыматтык технологиялар жана байланыш агенттигинин директору Нурлан Смановдун жоопкерчилигин кароо керектигин белгиледи.
Булак: Де - Факто