www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик бажы кызматы Россиянын Федералдык бажы кызматы жана ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте MDMA психотроптук затын мыйзамсыз ташып кирүү жана сатуу боюнча эл аралык каналдын ишмердигине бөгөт койду.

Маалыматка ылайык, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкекте эки жаран кармалган. Алар Москва — Бишкек багыты боюнча жөнөтүлгөн почта жөнөтмөсүн алышкан.

Жөнөтмөнү текшерүү учурунда балык уулоого арналган жемдердин арасындагы металл идиштен кызгылт сары түстөгү 479 таблетка табылган. Экспертизанын жыйынтыгында таблеткалардын курамында MDMA заты бар экени аныкталган.

Мындан тышкары, кийинки ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө зат салынган дагы 20 түйүнчөк табылган. Алардын курамы учурда аныкталууда.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, алынган психотроптук заттарды мыйзамсыз сатуудан түшүшү мүмкүн болгон киреше 1,3 млн сомдон ашат.

Учурда укук коргоо органдары мыйзамсыз каналга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кылмыштуу ишмердүүлүктүн кошумча фактыларын табуу боюнча тергөө иштерин улантууда.

Последние новости