www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев орусиялык «Газпром» ишканасына «Кыргызмунайгаз» компаниясын сатууну туура чечим катары көрөрүн айтып бакылдады. Бул туурасында: «Кыргызмунайгазды» көрүнгөн жеринен чычкан тешкендей тешип жатышат. Бул ишкана дүйнөлүк стандартка жооп бербейт. «Кыргызмунайгазда» ишен кызматкерлер мага ««Газпром» компаниясы менен келишим түзгөнүңөр жакшы болот» деп жазып жатышат. Мен бул абдан туура иш болду деп ойлойм" - деп билдирди.

Бирок өкмөт «Кыргызмунайгаздын» активдери орусиялык «Газпромго» кандай шарттар менен берилип жатканын азырынча түшүндүрө элек. Буга байланыштуу коомчулукта: "Абылгазиевге "Кыргызстанды сатып жиберсеңиз башыңыз балээден кутулат, жыртык экономикаңыз менен жыргабайсыз" деп бир коңшу олигарх кат жазса, сатып деле жиберчүдөй түрү бар экен" - дешип сынга алышты.

Булак: "Фабула"

< Предыдущий
Следующий >

Последние новости