www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө кырдаалдар жана калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча атайын жыйын өткөрүп, алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды. Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов акыркы күндөрү Жалал-Абад, Баткен, Ош жана Нарын облустарынын айрым тоолуу аймактарында сел жүргөн учурлар көбөйгөнүн билдирди.

Туристтик сезондо бардык курорттук аймактарда жана башка көп эл чогулган жерлерде коопсуздук чараларын күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар кызматынын башчысы Урмат Шамырканов  айтымында, быйыл жыл башынан бери өлкөдө 70 адам сууга чөгүп кетти, былтыр 55 чөгүп кеткен. Алардын көбү жайкы эс алуу маалы башталгандан кийин каза болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости